Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Президент мунапыс жөнүндө мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев эгемендиктин 25 жылдыгына жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата абактагыларга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 23-июнда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мунапыска төмөнкү жарандар илинет:

- бойго жете электер,

- алгач ирет беш жылга чейин камалгандар,

- 60 жаштан ашкан эркектер, 55 жаштан улуу аялдар,

- биринчи жана экинчи топтогу майыптар,

-экиден кем эмес балалуу болуп, үй-бүлөсүн жалгыз баккандар, майып баласы бар кишилер,

- бул мыйзам күчүнө кире электе жеңил кылмыштар менен камалгандар,

- жеңил кылмыш жасап алгач ирет соттолгондор.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, айрым соттолгондордун жаза мөөнөтү да кыскартылат.

Жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирген мыйзам үч ай ичинде аткарылышы кажет.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстандагы жабык жайларда 10 миңден ашуун адам кармалууда. Айрым маалымат каражаттары 3 миңден көп киши мунапыс менен эркиндикке чыгарын жарыялаган. Бирок Жаза аткаруу кызматынын адистери азырынча канча адамдын мунапыска илинерин болжолдуу айтуу да кыйын экенин белгилешти. (SE)

XS
SM
MD
LG