Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Ак-Сууда карагат фестивалы өтүүдө


Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында бүгүн Карагат фестивалы өтүп жатат. Фестивалга облустун беш районунан келген дыйкан-фермерлер мөмө-жемиштерин, айыл чарба шаймандарын көргөзмөгө коюшкан. Андан тышкары фестивалга Казакстан жана Орусиядан мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү да катышып, жергиликтүү дыйкандардын өндүрүштөрү менен таанышып жатышат.

Фестивал жергиликтүү дыйкандарга дем берүү максатын көздөйт. Аны Avep жана "Кумтөр" компаниялары уюштурууда.

Карагат фестивалы былтыр Түп районунда өтүп, эстафета Ак-Сууга берилген. (AsM)

XS
SM
MD
LG