Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Cирия оппозициясы Манбиж шаарын колго алганын жарыялады


Сириянын куралдуу оппозициялык күчтөрү Манбиж шаарынан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун сүрүп чыгып, калаада көзөмөл орнотконун жарыялады.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюм негизги күрөштү күрт жана араб тектүүлөрдөн куралган күчтөр жүргүзгөнүн билдирди.

Маалыматтарга караганда, шаардын 90 пайызы жихадчылардан тазаланды.

Манбиж калаасы Түркия менен чектеш аймакта жайгашкан. Эки жылдан бери бул калааны жоочулар ээлеп турган.

XS
SM
MD
LG