Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Македониядагы табият кырсыгы 20дан ашуун кишинин өмүрүн алды


Македониянын борбор калаасы Скопье кырсыктан кийин
Македониянын борбор калаасы Скопье кырсыктан кийин

Македонияда жекшембиге караган түнкү кара нөшөр аралаш бороон-чапкындан кеминде 20 киши өлдү. Жүздөгөн адамдар жаракат алышты, жыйырмадан ашууну дайынсыз экени кабарланууда. Курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымал.

“Мындай кырсыкты буга чейин көргөн эмеспиз”, деди борбор калаа Скопьенин мэри Koce Траяновски "Франс-пресс" агенттигине.

Жергиликтүү маалымат каражаттары саатына 70 чакырым ылдамдыктагы шамал шаардын өзүндө жана жака белинде бүлгүн салганын жазышууда. Айрым жерлерде кыян суу жарым, бир метрге дейре чыкканы кабарланат. Өзгөчө шаарды курчаган айланма жол катуу жабыркаган.

XS
SM
MD
LG