Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Түркияда кыргызстандык кыз адам өлтүрүүгө шектелип камакка алынды


Конья шаарынын тургуну Муаммер Башактын өлүмү боюнча 24 жаштагы кыргызстандык кыз шектелип жатат. Түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Башактын сөөгү 2-августта өзү жашаган үйдөн табылганын, анын муунтуп өлтүрүлгөнүн полицияга таянуу менен жазып чыгышты.

Кылмышка шектүү катары аны менен жакын мамиледе болуп, бирге жашап жүргөн Кыргызстандын жараны кармалып, 7-августтка камакка алынды. Ал укук коргоо органдарына берген көрсөтмөсүндө маркумду "жоолук менен муунтуп өлтүргөнүн" моюнга алган. Кыз Анталияга иштөө үчүн келип, бирок алданып калып денесин сатып иштеп жүргөнүн, кийинчерээк Муаммер Башак менен таанышып, чогуу жашап калганын айтып берген. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бул боюнча маалымат бере элек. (ElB)

XS
SM
MD
LG