Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Нарын: Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Манаска” каршы митинг өттү


Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” чыгармасынын экстремисттик деп табылышын кубаттаган он чакты адам Нарын облустук сотунун алдында митинг өткөрүштү. Алар “Манас бурмаланбасын!” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту жана Бүбү Мариямды сот жообуна тартууну талап кылышты. Ошондой эле облсотту китепти экстремисттик деп тапкан Жумгал райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууга чакырышты.

Бүгүн Нарын облустук сотунда Бүбү Мариям Муса кызы жазган “Айкөл Манас” боюнча сот отуруму башталды. Китепти 19-июлда Жумгал райондук соту экстремисттик деп тапкан. Буга нааразы болгон Бүбү Мариям Муса кызынын тарапташтары аппеляциялык арыз менен облсотко кайрылышкан.

Жумгал сотунда аталган чыгарма кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүү, тарыхый фактыларды бурмалоо жана диний, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн.

Сотко китепти экстремисттик деп таануу боюнча доо арыз менен Башкы прокуратура кайрылган. Курамы жети адамдан турган комиссия дайындалып, китеп филологиялык экспертизадан өткөн жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарына каршы келет деп табылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG