Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Укук коргоочулар курсанттардын качуу себептерин калыс иликтөөнү талап кылышууда


Бул тууралуу "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, лицей жетекчилиги курсанттардын качып чыгуусун жаап-жашырууга аракеттенип жатат.

Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайдын 69 курсанты качып кетип, кайра кайтып келди деген маалыматтын чын-төгүнүн тактоо максатында кечээ Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлү жана башка жарандык активисттер аталган лицейге барышкан. Бирок, жетекчиликтин уруксаты жок деген жүйө менен аларды киргизбей коюшканын Абдирасулова кошумчалады:

-Буга чейин Кара-Көл шаарындагы аскердик бөлүктө жоокер каза болгондо да ошол күнү баргам. Ошондо да ар кайсы шылтоону айтып киргизбей коюшкан. Азыр өлгөн тарап да, өлтүрдү деген тарап да чырлашып атышат. Булар жаап-жашыра турган жагдайлар болгон убакта гана киргизишпейт.

Аталган аскер лицейинде 3-курста окуган 69 курсант качып кетип, кайра келгени тууралуу кабарды Башкы штаб четке какты. Анткен менен окуучулар 9-августтун кечинде качып кеткенин атын атабоону өтүнгөн ата-энелердин бири "Азаттыкка" ырастады. Кийинчерээк качып чыккан курсанттар жетекчилерине өздөрү чалып, 10-августта кайтып барарын айтышканы белгилүү болду. Кечээ курсанттар, ата-энелер жана лицей жетекчилигинин катышуусунда чогулуш өткөн. Курсанттар офицерлердин бирине нааразылык иретинде мындай кадамга барышканын кабарлашып, аны жумуштан алууну талап кылышкан. Азыр бул боюнча кандай чечим кабыл алынганы белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG