Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Казакстан: террорчулукка чакырык таштаган үч киши соттолду


Казакстандын Актөбө облустук соту террорчулукка айыпталган Шалкар шаарынын үч жашоочусун алты жарымдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты.

Алар байланыш түйүндөрдү, интернет аркылуу террорчулукту жайылтуу менен алектенген, террордук акты жасоого чакырган деген беренелер боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, бул адамдар WhatsApp аркылуу Казакстанда тыюу салынган сайттардын шилтемелерин таратып келишкен.

Соттолгондордун жактоочулары өкүмгө макул эмес экендигин билдиришип, жогорку инстанцияга кайрыла турган болушууда.

18-июлда Алматынын Алмалы райондук полиция бөлүмүнүн жанындагы онго чукул адамдын өмүрүн алган атышуудан кийин казак бийлиги экстремизмге каршы күрөштү күчөттү. Астана бул окуяларды “теракт” деп баалаган эле.

XS
SM
MD
LG