Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Сочидеги ЕАЭБ жыйынында алты маселе каралат


Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында негизги маселе каралат. Бул тууралуу жыйындын алдына белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Бажы кодекси боюнча макулдашуу долбоорун мамлекеттер ичинде өз алдынча карап чыгуу шарттары, товар алмашууну жөнөкөйлөштүрүү, дары-дармек соодасын жөнгө коюунун абалы, Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагына товар ташууда жаралган көйгөйлөр сыяктуу маселелер каралат.

Орусиянын Сочи шаарында Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны бүгүн өтөт. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы катышууда.

Жыйын алкагында Жээнбековдун орус премьери Дмитрий Медведев менен жолугушуусу күтүлүүдө.(SE/BkA)

XS
SM
MD
LG