Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Астанада барымтага алынган күрөөкана кызматкерлери бошотулду


Астанадагы “М-Ломбард” күрөөканасы
Астанадагы “М-Ломбард” күрөөканасы

Казакстан баш калаасындагы күрөөканалардын биринде барымтага алынган эки аял бошотулду. Аларды барымтага алган адамды полиция кармады.

Астана шаарынын Ички иштер департаменти билдиргендей, кылмышкер менен полиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсү эки сааттан узакка созулган. Барымтачы алгач бир аялды коё берген. Атайын даярдыктагы аскерлер күрөөкананы курчап, экинчи аялды куткарышкан. Эч ким жабыркаган жок.

“М-Ломбард” деп аталган күрөөканага бүгүн эртең менен саат тогуздарда кирип келген адам ал жерде иштеген эки аялды барымтага алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектелип кармалган адам 42 жашта, жанында пневматикалык тапанча болгон.

XS
SM
MD
LG