Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Рио-2016: кыргызстандык марафончулар жарышка түштү


Бразилияда өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында ушул тапта кыргызстандык марафончулар Виктория Плюдина, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая 157 спортчунун катарында күч сынашып жатышат. Кыздар атаандаштары менен 42 км 195 м аралыкка чуркашат. Мелдеш Кыргызстандын убактысы менен саат 18:30да башталды.

31-жайкы олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын жарымы мелдештерге чыкты. Азырынча оор атлетчи Иззат Артыков гана коло медал алды.

5-августта башталган олимпиада 22-августта аяктайт. Азыр медалдардын саны боюнча алдынкы үч орунда АКШ, Кытай жана Улуу Британия келатат.

XS
SM
MD
LG