Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Казакстан: террор коркунучунун «сары чеги» узарды


Казакстандын Террорчулукка каршы күрөшүү борбору өлкөдөгү террор коркунучунун "сары" чегинин мөөнөтү 2017-жылдын 15-январына чейин узартылганын билдирди.

Коркунучтун «сары» чеги Актөбө жана Алматы шаарларындагы окуялардан кийин киргизилген. 5-июнда «радикал диний агымдардын» жактоочулары деген топ Актөбөдөгү эки курал-жарак дүкөнүн тоноп, Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнө кол салышкан. Анын кесепетинен төрт жай тургун жана үч жоокер каза болгон.

18-июлда Алматыда жалгыз киши полиция кызматкерлерине кол салып, беш адамдын өмүрү кыйылган эле.

XS
SM
MD
LG