Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Сокулукта табылган белгисиз заттын чоо-жайын атайын комиссия иликтөөдө


Сокулук районунун Новопавловка айылында 13-августта белгисиз зат куюлган 200 литрлик идиш табылган. Анда химиялык уулуу зат болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жатат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Жалпы көлөмү төрт жарым тонна затты жана аны ким таштаганын азыр атайын түзүлгөн комиссия изилдеп жатат. Анын курамына Сокулук райондук акимчилиги, Новопавловка айыл өкмөтү, Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрлиги, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө, Эколтехинспекциядан адистер кирген. Маалыматка караганда, идиштердин тышындагы жазуулар өчүп кеткен. Алардын бирине жабыштырылган кагазда немис тилинде уулуу зат бар экени жана саламаттыкка оор таасир тийгизиши мүмкүндүгү жазылган. (NT)

XS
SM
MD
LG