Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Аманкулов: Эралиев калыстын адилетсиз чечиминен жеңилип калды


Арсен Эралиев.
Арсен Эралиев.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күрөшкөн Арсен Эралиевдин байге албай калышына калыстын туура эмес чечими түрткү болду:

-Өзүңүздөр күбө болгондой, Арсен Эралиевдин колунда турган үчүнчү орунду мелдеш калысы тартып алды. Спорт деген ушундай болот экен. Өзгөчө күрөштө айрым учурда калыстар балбандардын шагын сындырып койгон учурлар кездешет.

Канат Аманкулов кошумчалагандай, грек-рим күрөшү боюнча мелдештерин байгесиз жыйынтыкташкан Жанарбек Кенжеев, Руслан Царев жана Мурат Рамонов өз мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонбой утулуп калышты. Эми балбандар Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазаревдин байге алуу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Алардын машыгуулары талаптагыдай өтүп, таймаштарга камданып жатышат.

Кыргызстандан Олимп оюндарына 19 спортчу барган. Алардын он бешинин мелдештери аяктады. Бүгүн Айсулуу Тыныбекова, 20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21-августта марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат. Азырынча Кыргызстандын эсебинде оор атлетчи Иззат Артыков алган коло байге гана бар. Олимп оюндары 21-августта аяктайт.

XS
SM
MD
LG