Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

ТИМ Кылычбек Султановдун арызы боюнча түшүндүрмө берди


Кылычбек Султанов
Кылычбек Султанов

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун элчиликтен кетүү тууралуу арызы боюнча түшүндүрмө берди. Анда министрлик 17-август күнү Кылычбек Султанов президент Алмазбек Атамбаевдин атына кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазганын тастыктаган.

ТИМдин билдирүүсүндө негизи мамлекет башчынын 2015-жылдагы тапшырмасына ылайык, айрым чет мамлекеттердеги элчилик жана консулдук мекемелерди оптимизациялоо жүрүп жаткан. Буга байланыштуу жыл башында Ирандын Мешхед шаарындагы консулдук кызматы жабылган, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин кызматкерлери кыскартылган.

Мындан тышкары Кыргызстан менен айрым өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жакшы өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу жана финансы каражаттарын үнөмдөө максатында 2016-жылдын аягында Кыргызстандын чет мамлекеттердеги айрым мекемелерин, анын ичинде Малайзиядагы элчиликти да жабуу же кайра түзүү чечимин кабыл алуу көздөлүп жаткан.

Бул тууралуу Малайзиядагы элчи Кылычбек Султанов июль айында Бишкекке келгенинде кабардар болгон.

Тышкы иштер министрлиги Султановдун кызматтан бошотуу тууралуу арызы мамлекет башчынын кароосуна берилгенин кошумчалады.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов элчилик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы бүгүн маалым болгон. Ал бул кадамын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылыгы менен байланыштырды.

Кылычбек Султанов коомчулукка “Супер инфо” басылмасынын негиздөөчүсү жана ээси катары белгилүү жана ал “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. “Ата Мекен” партиясы парламенттеги беш фракция кол койгон Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршылыгын билдирип келүүдө.

Кылычбек Султанов Малайзияга элчи болуп 2014-жылы ноябрь айында дайындалган. Ага чейин ал Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG