Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Султанов: ТИМдин элчилик жабылары тууралуу билдирүүсү таң калтырды


Кылычбек Султанов.
Кылычбек Султанов.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Тышкы иштер министрлигинин элчилик жабылышы мүмкүн деген маалыматын четке какты. Ал элчи кызматынан кетүү тууралуу арызына Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу президенттин көз карашы менен макул эместиги себеп болгонун "Азаттык" радиосуна билдирди. Ошондой эле министрликтеги алешемдиктер тууралуу айта турган сөздөрү көп экенин жана президент менен көзмө-көз жолугушууну көздөй турганын кошумчалады.

Кылычбек Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 17-августта маалым болгон. Ал бул кадамын Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршылыгы менен түшүндүргөн. Кийинчерээк Тышкы иштер министрлиги анын арызы боюнча түшүндүрмө берген. Анда мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, Кыргызстан менен айрым өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык жакшы өнүкпөгөндүгүнө байланыштуу жана каржыны үнөмдөө максатында 2016-жылдын аягына чейин чет мамлекеттердеги айрым мекемелер, анын ичинде Малайзиядагы элчилик жабылып же кайра түзүлүшү ыктымалдыгы айтылган. Элчи июль айында Бишкекке келгенде бул чечимден кабардар болгону да белгиленген. Анын арызы азыр президенттин кароосунда.

Кылычбек Султанов “Супер инфо” басылмасынын ээси катары коомчулукка белгилүү, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. Аталган партия парламенттеги беш фракция кол койгон Башмыйзамды өзгөртүү демилгесине каршылыгын билдирип келүүдө.

Султанов Малайзияга элчи болуп 2014-жылы ноябрь айында дайындалган. Ага чейин Социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеген. (NT)

XS
SM
MD
LG