Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:58

Аманкулов: Айсулуу Тыныбекова колдо турган байгени алдырып койду


Айсулу Тыныбекова.
Айсулу Тыныбекова.

Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XXXI жайкы Олимп оюндарындагы Кыргызстандын делегациясынын жетекчиси, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов балбан Айсулуу Тыныбекова утулууга жеке өзү себепкер болгондугун "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Тилекке каршы, колдо турган коло байгени алдырып койдук. Менимче, спортчунун өзүнүн күнөөсү. 5:0 эсебинде утуп жатканда туура эмес кыймыл-аракет кылып утулуп берди. Учурда Айсулуунун да, машыктыруучулардын да жана жалпы команданын маанайлары абдан суз. Колубузда турган медалды беттеш бүтөрүнө 9 секунд калганда индиялыктарга берип койбодукпу. Ишенген эки балбаныбыздын медалдарынан кур калдык. Эралиевдин байкеге жетпей калышына калыстын адилетсиздиги себеп болгон эле.

18-августка караган түнү кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн беттеште индиялык Малик Сакшиден жеңилип, 5-орунду ээледи. Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган. Алардын он алтысы мелдештерин жыйынтыктады.

20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21инде марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат. Азырынча Кыргызстандын эсебинде оор атлетчи Иззат Артыков алган коло байге гана бар. Олимп оюндары 21-августта аяктайт. (NT/ECh)

XS
SM
MD
LG