Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Жакупова: Сариевдин Конституцияны өзгөртүү боюнча пикир билдиргени маанилүү


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынан депутат Чолпон Жакупова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, конституциялык кеңешме түзүү менен гана Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу учурда керек болуп турат. Жакупова Темир Сариевдин Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикирин билдириши дурус жөрөлгө экенин айтты:

- Темир Сариев буга чейин Атамбаев менен санаалаш болуп жүргөн адам катары Башмыйзам боюнча өз пикирин айтканы туура болду. Ал Өмүрбек Текебаев сыяктуу эле Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканы абдан маанилүү. Анткени алар Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары 2010-жылдагы Конституцияны коргоого моралдык укугу гана бар эмес, түздөн-түз жоопкер. Мен буга чейин бул маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн унчукпай отурганына таң калып жаткам.

Бүгүн мурдагы премьер-министр Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештеги беш фракциянын лидерлерине кайрылуу жолдоду. Сариев азыркы Конституция кабыл алынган кыйын кезеңди эстөөгө чакырды. Сариев ошондой эле Башмыйзамды өзгөртүү тууралуу маселени талкуулоонун өзү канчалык мыйзамдуу экенине токтолуп, Конституцияны өзгөртүү боюнча учурда коомчулуктун талкуусуна берилген бир айлык убакыт өтө аз экенин белгилеп, Конституциялык кеңешме түзүп, кеңири талкуулоого чакырды.

XS
SM
MD
LG