Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Иран: Орус учактары Хамадан аба базасын күйүүчү май куйуу үчүн гана колдонууда


17-августта Хамадандан учуп чыккан Су-34 учактары Сириянын Дейр аз-Зор провинциясына сокку урган.
17-августта Хамадандан учуп чыккан Су-34 учактары Сириянын Дейр аз-Зор провинциясына сокку урган.

Бул тууралуу Иран парламентинин Коопсуздук жана тышкы саясат комитетинин төрагасы Алаеддин Боружерди 17-августта билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн түндүк-батышындагы Хамадан шаарынан 50 чакырым алыстыктагы Шахид Ножих аба майданын Орусиянын колдонуусуна Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку Кеңеш уруксат берген. “Бул жерде, Иран Ислам республикасынын аймагында Орусиянын аскерлери жайгаштырылган эмес” деп кошумчалаган Боружерди.

Орус аба күчтөрү Сирияга сокку урууда шейшемби күндөн тарта Хамадандагы аба майданын колдоно баштаганы кабарланган.

17-августа Хамадандан учуп чыккан Су-34 учактары Сириянын Дейр аз-Зор провинциясына сокку уруп, андан 150 көп жоочу өлтүрүлгөнүн Орусиянын коргоо министрлиги маалымдаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG