Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Молдова Приднестровьедеги аскердик машыгууга Орусиянын катышканына каршылык билдирди


Молдованын Тышкы иштер министрлиги 18-августта тараткан билдирүүдө, иш жүзүндө Орусияга жан тарткан жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактагы аскерий машыгууларга Орусиянын аскерлеринин катышуусу мыйзамсыз, кабыл алынгыс жана бул чагымчылдык деп баалады. Ал машыгуу Молдованын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн бузууга багытталган деп аталды. Билдирүүдө ошондой эле Москваны Приднестровьеден аскерлерди жана оор куралдарды чыгарып, тынчтыкты кармоону эл аралык уюмдарга өткөрүп берүүгө чакырды. Москвага Молдова менен Приднестровьедеги жикчилдер ортосундагы кандуу кармаштан кийин 1992-жылы ок атууну токтотуу келишими боюнча Орусия Молдовада бир миң аскер калтырган. Ал аскерлерди чыгаруу боюнча Молдованын талаптарын Москва аткарбай келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG