Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Шыкмаматов Баш мыйзам боюнча Венеция комиссиясына кайрылды


Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Алманбет Шыкмаматов Венеция комиссиясынан Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорунун конституционализми боюнча экспертиза жүргүзүп берүүнү өтүндү.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитети Конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөө жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирерин бекемдеген. Шыкмаматов катында КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялары Башмыйзамды өзгөртүү жана Референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатканын маалымдап, бул өзгөртүүлөр Башмыйзамдагы негизги конституциялык түзүлүшкө байланыштуу президентке, аткаруучу жана сот бийлигине, прокуратура, жергиликтүү башкаруу, мыйзамдуулук жана башка беренелерди өзгөртөрүн белгилеген.

Алманбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасынын орун басары. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү.

КСД”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялары Башмыйзамды өзгөртүү жана Референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп чыгышкан. “Ата Мекен” фракциясы Башмыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG