Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Украина президенти чыр-чатак күчөшү мүмкүндүгүн эскертти


Украина президенти Петро Порошенко жоокерлердин астында сүйлөп жатат
Украина президенти Петро Порошенко жоокерлердин астында сүйлөп жатат

18-августта Львов облусунда сүйлөгөн сөзүндө президент Петро Порошенко өлкө чыгышында Орусия жана ал колдогон жикчилдер менен конфликт күчөшү мүмкүн деди. Эгерде абал курчуса “биз аскердик абал киргизип, жалпы мобилизациялоо жарыялоого аргасыз болобуз” деди президент.

Порошенко “душман” Минск тынчтык жараянын бузууну көздөөдө деп айыптап, Нормандия форматындагы сүйлөшүүдөн чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу Орусиянын билдирүүсүн “абсолюттук жоопкерсиз билдирүү” деп атады. Украин президентинин эскертүүсү Чыгыш Украинада атышуулар күчөгөн мезгилге туш келди. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Олександар Мотузняк акыркы 24 сааттын ичинде 500 миномет, 300 артиллериялык аткылоо болгонун, мындай интенсивдүү аткылоо өткөн жылы катталганын маалымдады. Украинанын үч аскери окко учту. БУУнун маалыматы боюнча 2014-жылдан берки конфликте 9500 киши набыт болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG