Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Иран Орусияны сынга алды


Орусия учактары.
Орусия учактары.

"Хамадан" аба базасын колдонгону тууралуу маалыматтарды жарыялаганы үчүн Иран Орусияны сынга алды. Ирандын коргоо министри Хоссейин Дехкан ал маалыматтарды “мактанчаактык жана жигитчиликке жатпаган” жосун катары баалады.

22-августта мамлекеттик телекөрсөтүүдө Хоссейин Дехкан “Орусия өзүн ири держава катары көрсөткүсү келүүдө” деп билдирди. Ирандын коргоо министри мындай пикирин Орусия Ирандын Хамадан провинциясындагы аба майданды Сириядагы операция учурунда колдоно баштагандан бир жума өткөн соң жарыя кылды.

Чет өлкөнүн аскер күчтөрүнүн Ирандын аба базасын колдонуусу Конституцияга каршы келерин Иран парламентинин мүчөлөрү көтөргөн. Хоссейин Дехкан ага жооп кылып, орус учактары базага туруктуу жайгаштырылбаганын, учуп-конуу, май куйуу үчүн гана ал жерди колдонорун билдирген.

Тегеран да, Москва да Сирия президенти Башар аль-Асадды колдойт. (AiT)

XS
SM
MD
LG