Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Казакстанда коргоо жана каржы министрлигинин кызматкерлери жемкорлук боюнча айыпталды


Айыпталган кызматкерлер эки айга камакка алынды, Астана шаардык сотунун “Азаттыктын” казак кызматына 22-августта берген маалыматына караганда, алты мамлекеттик кызматкер жана төрт ишкер август айынын башында кармалган.

Алардын арасында Куралдуу күчтөрдү техникалык жана материалдык жактан камсыздоо боюнча дирекциянын башчысынын орун басары, подполковник Тулемис Жумказиев бар. Ал 20 млн. теңге же 59 миң доллар пара алган деп шектелүүдө.

Айыпталган он кишинин экөөсү үй камагына чыгарылса, сегизи эки айга тергөө абагына отургузулду. (AiT)

XS
SM
MD
LG