Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Түркмөн президенти Риодон медалсыз кайткан спортчуларын жемеледи


Гурбангулы Бердымухамедов
Гурбангулы Бердымухамедов

Рио олимпиадасынан бир да медаль утпай келген түркмөн спортчулары мекенине кайтканда президенттен жеме укту. "Бардык шартты түзүп берсек да улуттун ишенимин актабай койдуңар" деп президент Гурбангулы Бердымухамедов Спорт комитетинин башчысын жемелеп жатканын мамлекеттик телеканалдар көрсөттү.

Рио олимпиадасына Түркмөнстан тогуз спортчусун жөнөткөн. Алардын бири да медаль алган жок.

2012-жылы Лондондо өткөн буга чейинки жайкы олимпиада Түркмөнстан үчүн ийгиликсиз аяктаганда президент спорттук мекеменин ошол кездеги жетекчисин иштен алган болчу.

2017-жылдын сентябрында Түркмөнстанда Азия оюндары өтөт. Бул иш-чарага даярдык көрүп Бердымухамедов учурда миллиарддаган акчага спорттук имараттарды курдурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG