Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Пекин олимпиадасында байге алган оор атлетчилер кызытма колдонгону аныкталды


Эл аралык оор атлетика федерациясынын кабарлоосуна караганда, допинг колдонгону аныкталган 11 оор атлетчи медалынан ажыратылат.

Федерациянын 24-августа тараткан маалыматына караганда, алардын катарында 2008-жылы Пекин олимпиадасында алтын медал алган кытайлык Цао Лей, Лю Чжунхон, Чен Сеся бар. 2008-жылы күмүш медал алган беларус спортчусу Андрей Рыбаковдун да канынан кызытма табылган. Алардан сырткары беларус Анастасия Новикова, казакстандык Мария Грабовецкая, Ирана Некрасова, Орусиядан Аккаев, Дмитрий Лаипов жана украиналык Наталья Давыдова жана Ольга Коробкадан кызытма табылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG