Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

Өзбек тарап кармап кеткен телемунаранын жумушчуларын кайтаруу үчүн сүйлөшүү жүрүүдө


Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча, Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери: А. Арманов, У. Бердалиев, Ж. Ташматов жана Н. Усупбаевди Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери алып кетишкен. Өзбекстандын чек ара кызматы кыргызстандык жарандар атайын операция учурунда кармалышканын маалымдап, учурда алар Наманган облусунун Янгикурган райондук ички иштер бөлүмүндө процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалып турушканын билдирген.

Кыргызстан тарап негизсиз кармалган жумушчуларды кайтарып берүүнү талап кылууда. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда эки тараптын облустук деңгээлдеги чек арачылары сүйлөшүүлөрдү улантууда:

- Сүйлөшүүлөр облустук деңгээлде уланып жатат. Кыргызстан тарап телемунаранын кызматкерлерин кайтарып берүүнү талап кылууда.

22-августта Аксыдагы телемунара жайгашкан Үңкүр-Тоого Өзбекстан тик учак менен милиция кызматкерлерин түшүрүп, ал жерде иштеп жаткан төрт кишини алып кеткен. Бир нече сааттан кийин эки тараптуу сүйлөшүүдө өзбек тарап 13-августта чек араны мыйзамсыз, куралчан басып өткөнү үчүн Кыргызстандын күч кызматтары тарабынан кармалган өзбек милиционерин бошотууну жана Орто-Токой суу сактагычын кайтарган кыргызстандык милициянын постун алып салууну талап кылышкан. Ошол эле күнү кечинде камактагы өзбек милиционери бошотулуп, кесиптештеринин колуна берилген. Ал эми сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан алып кеткен кыргызстандык жумушчулар тууралуу сөз болгон эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG