Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Допинг чуусун баштаган Родченковдун мүлкү камакка алынды


Орусиядагы Допингге каршы агентикттин мурдагы жетекчиси Григорий Родченков.
Орусиядагы Допингге каршы агентикттин мурдагы жетекчиси Григорий Родченков.

Москва сотунун чечими менен Орусиядагы Допингге каршы лабораториянын мурдагы жетекчиси Григорий Родченковдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги өз булагына таянып жазды. Анын кандай мүлк экенин азырынча тактала элек.

Учурда Родченков Кошмо Штаттарда жашайт. Ушул жылдын май айында ал батыштын маалымат каражаттарына маек куруп, Сочидеги Олимп оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон орусиялык спортчулар мамлекеттик программанын негизинде допинг колдонуп жүрүшкөнүн билдирген.

Ал эми июль айында Эл аралык допингге каршы агенттик (WADA) бийликтин колдоосу менен орусиялык спортчулар жапырт тыюу салынган заттарды колдонуп келгени тууралуу баяндама жарыялады. Бул иликтөөнүн жыйынтыгында 7-августта Эл аралык паралимпиада комитети орусиянын курамасын толугу менен Рио-де-Жанейродогу Паралимпиададан четтетти.

XS
SM
MD
LG