Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Отунбаеванын талапкерлиги ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары кызматына көрсөтүлүүдө


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаеванын талапкерлиги ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары кызматына көрсөтүлүүдө

Ушу тапта бул кызматты 2013-жылы июль айында шайланган Финляндиянын миграция жана европалык байланыш маселеси боюнча мурдагы министри Астрид Торс аркалайт.

Жогорку комиссар ЕККУга мүчө бардык 57 мамлекеттин чечими менен үч жылга шайланат. Анын ролу чыр-чатактардын алдын алуу болуп саналат.

Комиссардын өз мекениндеги улуттук азчылыктардын маселелерин кароого укугу жок.

Бул кызмат 1992-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча жыйындын саммитинде бекитилген жана ага КМШ өлкөлөрүнөн бир дагы өкүл шайлана элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG