Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Түркия: оппозиция лидери Кылычдароглуга кол салуу болду


Кемал Кылычдароглунун жан сакчылары
Кемал Кылычдароглунун жан сакчылары

Түркияда оппозициядагы Республикалык элдик партиясынын лидери Кемал Кылычдароглу бараткан автокербенге кол салуу болду. Өзү жабыркабаганы менен жансакчысы мерт болду.

Кылычдароглу Түркиянын түндүгүн кыдырып жүргөн, чабуул жасалган маалда Грузия менен чектеш Артвин шаарына бараткан. Түркиянын ички иштер министри Эфкан Аланын айтымында, автокербенге Күрт жумушчу партиясынын мүчөлөрү ок чыгарышкан. Аталган партия Түркияда экстремисттик деп саналат.

Кемал Кылычдароглу башында турган партия солчул көз караштарды карманат жана Түркия парламентинин төрттөн бир бөлүгүн ээлеп келет.

Кылычдароглу өзү жана “Күрт жумушчу партиясы” бул боюнча эч кандай билдирүү тарата элек.

XS
SM
MD
LG