Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Өзбекстан Үңкүр-Тоону өзүнүкү деп эсептейт


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Кыргызстан менен талаштуу болуп жаткан Үңкүр-Тоону өзбекче Унгар-Тепа деп атап, өзбек Ички иштер министрлиги бул тоо Өзбекстанга таандык деп билдирди. Ал эми андагы радио-релейлик станцияда иштеп жаткан жеринен кармалган төрт кыргызстандык жаранды “Өзбекстанда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалды” деп маалымдады. Өзбек маалымат каражаттары аталган министрликке таянып кабарлашкандай, Үңкүр-Тоодо кармалган кыргызстандык жарандар Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчиликке тартылат.

Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстанда кармалып турган кыргызстандык жарандарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын маалымдоодо. Маалыматка ылайык, 22-августта тик учак менен Үңкүр-Тоого түшүрүлгөн 7 милиция десанты тоодо кала беришүүдө. Ал эми өзбек тарап кармап кеткен радио-релейлик станциянын жумушчулары Өзбекстандын Янгикурган райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турушат.

XS
SM
MD
LG