Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Түркиянын аскерлери сириялык күрттөр турган позицияны аткылады


Сирия.
Сирия.

Анкара күрт отряддары АКШ менен жетишилген келишимдерди аткарбай жатат деп билдирди. Келишим боюнча күрттөр күчтөрүн Евфрат дарыясынын оң жээгине чыгарып кетүүгө тийиш болчу. Түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ мамкатчысы Жон Керри күрттөр аскерлерин Манбиж шаарынан чыгарып жатышканын маалымдаган. Бул тууралуу “Хурриет” басылмасы жазды.

Түркия Сириядагы аскерий операцияларынын негизги максаты – ИМ тобунун согушкерлерин чектеш райондордон кууп чыгуу экенин билдирип келет. Ошол эле учурда Анкара сириялык күрттөрдү Түркиядагы улутташ жикчилдер менен байланышы бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG