Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Хиллари Клинтон Путинди "радикалдуу улутчулдуктун атасы" деп атады


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон Орусиянын президенти Владимир Путинди "дүйнөлүк радикалдуу улутчулдуктун атасы" деп атады.

Бейшемби кечинде өткөн Невада штатындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Клинтон Дональд Трампты Путинди колдоп жүргөнү үчүн айыптады. Хиллари Клинтон буга далил катарыТрамптын Орусия Крымды аннексиялап алганын колдогонун келтирсе болорун айтты.

Клинтон ошондой эле Трампты анын тышкы саясий программасы жана миграциялык саясаты үчүн айыптады. Мурдараак миллиардер президент болуп калган учурда 10 миллиондон ашуун мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн депортациялоого убада берген.

XS
SM
MD
LG