Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Тажикстанда Борбор Азиядагы сейсмикалык коопсуздук талкууланууда


Дүйшөмбүдө «Борбор Азиядагы сейсмикалык коопсуздук» деп аталган эл аралык илимий форум 26-августта ачылды. «Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, эки күндүк иш-чарага дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 30дан ашуун окумуштуу катышууда.

Анда тажик илимпоздору аймактагы сейсмикалык коркунуч жана өлкөдөгү суу сактагычтардын жер силкинүүлөргө туруктуулугу боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныштырат.

Ошондой эле тоолуу аймактардагы ГЭСтердин сейсмикалык коопсуздугу, Борбор Азияда сейсмикалык мониторинг жүргүзүү, жер титирөө коркунучтарын жоюу үчүн биргелешип аракеттенүү маселелери козголуп, соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынмакчы.

Өзбек сейсмологдору Тажикстандагы Рогун ГЭСи сейсмикалык кооптуу жерде курулуп жатканын жана ал бүтүндөй аймак үчүн коркунуч жаратарын бир канча жолу билдиришкен. Бирок тажик окумуштуулары мындай маалыматтарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG