Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Аксыда Өзбекстанга өтүп кеткен койлор кайтарыла элек


Райондун Ак-Терек айылында 20-август күнү Өзбекстанга кирип кеткен 109 баш кой азыркыга чейин кайтарылып бериле электигин мал ээси Жумакан Досова "Азаттыкка" билдирди. Бул боюнча Чек ара кызматына жана райондук бийликке кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.

Ал эми райондук ички иштер бөлүмү жандыктар ачык чек арадан өтүп кеткенин, андан кийин өзбек тарап өз аймагына айдап кетишкенин билдиришти. Коңшу өлкөгө тийиштүү материалдар жиберилгени менен алар малды азырынча кайтарыша электиги маалымдалды. (RsK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG