Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Москва: ӨКМ өрттүн болжолдуу себептерин жарыялады


Өрт чыккан жерде турган кыргызстандыктар
Өрт чыккан жерде турган кыргызстандыктар

Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси Илья Денисов он жети адамдын өмүрүн алган бүгүнкү өрткө электр чырагынын (светильник) жарактан чыкканы себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта өрттүн себептери дээрлик 100 пайызга аныкталып бүтүп калды. Электр чырагынын жарактан чыкканына байланыштуу оңой күйө турган суюктуктар менен кагаздар көп сакталган басмакананын кампасында өрт тутанган. Натыйжада өрт биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу бардык имаратка тарап, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген. Денисов кошумчалагандай, басмакана өрт сигнализациясы менен жабдылган, окуя маалында ал иштеп турган.

"Каза тапкандардын бөлмөсүнө жетүү үчүн куткаруучулар дубалды жана металл шкафтарды бузушту", - деди Денисов.

Москва мэри Сергей Собянин Твиттердеги баракчасына өрттө каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын чоо-жайы иликтене турганын жазды.

РИА-Новости агенттигинин жазышынча, каза тапкандардын баары КМШ жарандары. Алардын арасында кыргызстандык кыздар бар экени айтылып жатат. Мисалы, Орусиянын мамлекеттик "Вести" телеберүүсү өлгөн он алты адамдын баары кыргызстандык экенин кабарлады.

Ал эми "Россия 24" каналынын билдиришинче, алардын экөө Өзбекстандын, сегизи Кыргызстандын атуулдары деген маалымат чыкты. Кырсык болгон басмаканада иштеген Белек аттуу жигиттин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, каза тапкан кыргызстандыктардын саны 14 адам.

Азыр бул кабарлар жана каза тапкандардын аты-жөнү такталууда. Өрттөн 12 адам куткарылган. Бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада өрт чыккан. Натыйжада тилсиз жоо төрт кабаттуу турак жайдын баарына тараган. Аны өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.

XS
SM
MD
LG