Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Өкмөт Москвадагы өрттү иликтөөнү тапшырды


Өрт болгон жердеги кыргызстандыктар
Өрт болгон жердеги кыргызстандыктар

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москвада кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт кырсыгынын чоо-жайын иликтеп чыгууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Азырынча өрттөн канча кыргызстандык жарандын каза болгону тууралуу так маалымат жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги аны тактап жатат. Орусиянын мамлекеттик телеканалдары, маалымат агенттиктери түрдүү кабарларды таратууда. "Россия 24" каналынын билдиришинче, каза тапкандардын баары КМШ жарандары болушу ыктымал. Алардын экөө Өзбекстандын, сегизи Кыргызстандын атуулдары экенин жазып чыкты. Азыр маркумдардын аты-жөнү такталууда. Өрттөн 12 адам куткарылды. Өрт бүгүн эртең менен "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыгып, биринчи кабаттан төрт кабаттуу турак жайдын баарына тараган. Аны өчүрүүгө төрт сааттан ашык убакыт кетти.​

Тилсиз жоодон он алты адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG