Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

"Балыкчы-Каракол" автожолунда жүрүүгө чектөө киргизилет


Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына байланыштуу 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин "Балыкчы-Ананьево-Каракол" автожолунда жүк ташуучу автоунаалар, автобус, кичиавтобус жана айыл чарба техникаларынын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Аталган мекеме элди киргизилип жаткан чектөөлөргө түшүнүү менен карап, айдоочуларды жол каттамын алдын ала мерчемдеп, «Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол» каттамы аркылуу жүрүүгө чакырат. Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG