Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Орусия кийинки паралимпиадага да катышпайт


Быйылкы дүйнөлүк паралимпиадага катышуу укугунан ажыраган Орусия 2018-жылы өтө турган оюндарга да катышпайт. Бул тууралуу орусиялык паралимпиада комитетинин өлкөнүн курама командаларын даярдоо боюнча спорттук борборго жолдогон билдирүүсүндө айтылат.

Эл аралык паралимпиада комитети "Орусияда допинг колдонуу мамлекеттик органдардын колдоосу менен ишке ашырылууда" деген негизде быйыл 7-августта чечим чыгарган. Аны эл аралык арбитраж күчүндө калтырган.

Майып спортчулардын кезектеги жайкы олимпиадасы сентябрдын башында Бразилияда өтөт. Ал эми 2018-жылкы оюндар Түштүк Кореяда уюштурулат. (RK)

XS
SM
MD
LG