Линктер

Эгемендик - 25: Атамбаев сүйлөп жатканда Отунбаева аянттан кетип калды


Атамбаев менен Отунбаева

Атамбаев менен Отунбаева

Бишкекте өтүп жаткан Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган салтанатта президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда Роза Отунбаева аянттан кетип калды. Отунбаева салтанат башталарда Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жанында турган. Атамбаев өз сөзүндө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесине токтолуп, мындай сунуштан баш тартууга чакырган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, оппозициянын дарегине катуу сын айткан болчу. Атамбаев Убактылуу өкмөттүн Конституцияны өзгөртүүгө каршы чакырыгына да токтолуп, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаров башында турган саясатчылардын аракетин сынга алды.

«Убактылуу өкмөт, анын ичинде Отунбаева мен Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүмдү узартып алат деп коркуп жатышат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат», - деди ал.

Кечээ Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликке ачык кайрылуу жолдоп, анда азыркы Конституциянын кол тийбестигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырышты. Кайрылууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер кол койгон. Алар президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баш тартууга чакырып, учурдагы Конституцияны ѳзгѳртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн экенин айтышкан. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG