Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Түркияга келген туристтердин саны 93 пайызга азайды 


Түркиядагы этно фестиваль.
Түркиядагы этно фестиваль.

Түркияга келген туристтердин саны 93 пайызга азайды.
Түркиянын маданият жана Туризм министрлигинин статистикасына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июль айында өлкөгө келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 3 жарым миллион кишиге азайган.
Серепчилер орус учагынын атып түшүрүлүшү жана ишке ашпай калган төңкөрүлүштүн кесепетинен өзгөчө орус туристтердин келбей калышына себеп болгонун белгилешти.

Демейде бул мезгилде 2 миллиондон аз келбеген туристтердин саны 232 миңге чейин түштү. Бул көрсөткүчтөр Орусиядан келген туристтерге гана байланыштуу эмес. Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Өзбекстандан келген жалпы эс алуучулардын саны да жарымына азайып 642 миң туристти гана түздү.

XS
SM
MD
LG