Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Өзбекстан менен чек ара 10-сентябрга чейин жабылды


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, Көчмөндөр оюндарына байланыштуу 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин Кыргызстан Өзбекстан менен чек араларын бир тараптуу жапты. Буга чейин Өзбекстандагы эгемендик майрамына байланыштуу 22-августтан 2-сентябрга чейин аталган өлкө менен бардык чек аралар бир тараптуу жабылган.

Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын жабык турушу аймактагы он чакты кыргыз айылдарынын тургундарына кыйынчылык жаратууда. Алар транзиттик каттам менен өтө албай, айланма жолдун абалынын начардыгынан жүдөп жатканын айтып жатышат. (JsA)

XS
SM
MD
LG