Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Үңкүр-Тоого Өзбекстандын эки вертолету конгону кабарланууда


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Бүгүн эртең менен саат 09.45те Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын вертолету конгонун "Азаттыкка" жергиликтүү тургун Мейманаалы Бабаназаров билдирди. Ал он мүнөттөн кийин экинчи вертолет конуп, кайра учуп кеткенин видеого тартып алган. Маалыматка караганда, биринчи вертолет Үңкүр-Тоодо калган.

Ошол эле маалда тоонун айланасында жашаган жергиликтүү тургундар коңшу мамлекеттин вертолеттору бир нече жолу аймакты айланып учуп кайра артка кеткенин айтышууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы, Аксы районунун күч органдары бул боюнча маалымат бере элек. Ал эми район акими Медет Айдаралиев Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Бишкекке келген. Аны менен байланышканыбызда өкмөттө жыйында отурганын кабарлады.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен.

Расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин алып кеткен жок. Кармалган кыргызстандыктар бошотула элек.

Кечээ жергиликтүү жашоочулар жана күч органдарындагы ишенимдүү булактар Үңкүр-Тоо аймагында өзбек десанттарынын саны 25ке чейин көбөйгөнүн, алардын ичинде Өзбекстандын Чек ара кызматынын жана Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн жоокерлери бар экенин кабарлашкан болчу. Кийинчерээк Чек ара кызматы Үңкүр-Тоодо 14-15 чамалуу өзбекстандык милиция кызматкерлери турганын билдирген. (NT)

Үңкүр-Тоого эки тик учак конду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

XS
SM
MD
LG