Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Орусия АКШнын санкциясы көпүрө курууга тоскоол болбосун билдирди


Орусия АКШ киргизген жаңы санкциялардын орусиялык компаниялар менен жеке адамдарга таасири "минималдуу" болот деп эсептейт. Бул тууралуу Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Алексей Лихачев Владивостокто өтүп жаткан экономикалык форумда бейрасмий сүйлөшүүлөрдө билдирди.

Санкциялар көпүрөнүн курулушуна таасир тийгизбесин "Орусиядан Крымга Украинаны айланып өтүүчү көпүрө куруу" долбоорунун маалымат борбору да билдирди.

"Көпүрөнүн курулушуна Батыш компаниялары катышкан жок, долбоорду мөөнөтүнө жараша бүтүрүү үчүн бардык ресурс жетиштүү" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин украин президенти Петр Порошенко Украинага каршы агрессия үчүн киргизилген санкциялар кеңейтилгени үчүн АКШга ыраазылык билдирген болчу.

1-сентябрда кезектеги тизме жарыяланды. Ал 37 пункттан турат: 17 адам жана 20 мекеме, компания. (RK)

XS
SM
MD
LG