Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Текебаев: Каримовдун тажыясына президент өзү барышы керек


Ислам Каримов.
Ислам Каримов.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу расмий кабар келгенден кийин анын тажыясына барууга мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди чакырды.

- Каримов кандай адам, кандай жетекчи болгонуна карабастан, аны узатууга бүтүндөй КМШ жана алыскы мамлекеттердин лидерлери, расмий делегациялар келишет. Бул сейрек колдонулса да дипломатиядагы эң маанилүү ыкма. Менин оюмча, Каримовду узатууга биздин мамлекеттик делегацияны президент өзү жетектеп барса оң болмок. Маселен, Нурсултан Назарбаев Кытайга сапарын токтотуп артка кайтты. Путин Владивостоктогу сапарын токтотуп, шашылыш түрдө Өзбекстанга келери кабарланды. Албетте, Көчмөндөр оюндары деле маанилүү. Бирок баары даяр болгондон кийин спикер же премьерге тапшырса деле оюндар өтөт. Президент оюн бүткөнгө чейин кайтып келип калмак. Барбай койсо дипломатиялык катачылык болуп калат. Анткени ал жерде Каримовдун ордуна келе турган мураскер да бар болот. Ушундай жамандык-жакшылыкта көп жылдык мамилени аныктай турган кырдаал түзүлөт. Ошого делегацияны президент өзү жетектеп барып койсо Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы болмок.

Буга чейин "Азаттык" радиосунун өкмөттөгү булактары премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга барарын билдиришкен. Өкмөттүн басма сөз кызматы Өзбекстан тараптан Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу расмий кабар келе элек деген жүйө менен муну бышыктаган эмес.

Өзбекстандын өкмөтү бүгүн эртең менен Каримовдун абалы өтө оорлоп кеткенин жарыялады. Бирок анын өлүмүн ачык айта элек. Ал арада маалымат булактары Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтканын жазып чыгышууда. "Рейтер" агенттиги Нурсултан Назарбаев ишемби күнү Өзбекстанга сапарга аттанарын жазды. Каримовдун кичи мекени Самаркан шаарында президентти акыркы жайга узатууга камылга көрүлүп жатканы маалымдалууда. (NT)

XS
SM
MD
LG