Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Пакистандагы жардыруу ондон ашуун өмүрдү жалмады


Пакистандын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Мардан шаарындагы жардыруудан 13 адам мүрт кетип, 50 киши жараат алды. Бир тобунун абалы өтө оор.

Окуя шаардык сот мекемесинин жанында болду. Калаанын башкы офицери Харис Хабиб 2-сентябрда билдиргендей, жоочу гранатаны сот имаратынын кире беришине ыргыткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талиптердин “Жамаат ул Ахрар” тобу алды.

Кабарларга караганда, сот имаратына жардыргыч зат ыргыткан террорчу полициянын огунан өлдү. Ага ок тийген учурда бомба салынган белкуру да жарылган.

Өлкөнүн премьер-министри Наваз Шариф “бул жардыруу биздин терроризмге каршы күрөшүбүздүн мизин кайтара албайт” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG