Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Кыргызстандык делегация Каримовдун тажыясына катышты


delegation from Kyrgyzstan at the funeral Karimov. September 3, 2016
delegation from Kyrgyzstan at the funeral Karimov. September 3, 2016

Кыргыз премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Өзбекстан президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.

"Азаттык" радиосуна өкмөттөн кабарлашкандай, топтун курамында Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, депутаттар Нодирбек Каримов, Анвар Артыков, экс-депутат Бахтияр Кадыров, коомдук ишмерлер Бөрүбай Жураев, Махамаджан Мамасаидов жана парламенттин аппарат башчысы Абдыманап Кутушев болду.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Маркумдун сөөгү кечээ Самарканда жерге берилди. Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келген Ислам Каримов оорудан улам дүйнөдөн кайтканы 2-сентбярда кечинде расмий жарыяланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG