Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Си Цзиньпинь Чоң жыйырманын саммитин ачты


Кытайдын президенти Си Цзиньпинь дүйнөлүк соода протекционизм коркунучуна туш болгонун билдирди. Чоң жыйырманын Ханчжоу шаарындагы саммитинин ачылышында сүйлөгөн президент ушу тапта глобалдык экономика башынан кыйын кезеңди кечирип жатканын айтып, финансылык рыноктун туруксуздугун, суроо-талаптын төмөндөшүн, соода жана инвестициялардын алсырашын белгиледи. Эки күндүк саммитте лидерлер эркин сооданы коргоо, глобалдашуу процесстери, дүйнөлүк экономиканын өсүшүн камсыздоо маселелерин талкуулашмакчы.

Бийик жолугушууга АКШ, Орусия, Франция президенттери, Жапония, Британия, Германия премьерлери жана башка жетекчилер катышууда. Тогуз миллион калкы бар шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG