Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Бозгундагы тажик полковниги ИМ тобунун аскер башчысы болду


Ирактын жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан кабарга ылайык, бозгунда жургөн тажик полковниги Гулмурод Халимов “Ислам мамлекети” радикал тобунун аскер лидери болуп дайындалды. Ал экстремисттик топтун маанилүү фигураларынын бири болуп саналат.

Alsumaria.tv порталы 3-сентябрда Ирактын Найнава провинциясындагы коопсуздук органдарындагы булакка таянып билдиргендей, ал мурда мерт кеткен аскер башчы Абу Умара аш-Шишанинин ордуна дайындалды.

Порталдын билдирүүсүнө караганда, “Ислам мамлекети” тобу бул дайындоо тууралуу расмий билдирүү жасаган жок.

АКШ тажик полковнигинин дайынын айтып бергендерге үч миллион доллар убада кылган.

Гулмурод Галимов Тажикстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги, көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. 2014-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG