Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү оюнунда Кытай АКШны утту


Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү бөюнча тайпалык беттештердин экинчи турундагы оюндар өтүп жатат. Түшкө чейинки болгон беттештерде АКШ менен Кытай командалары ойноп, 4:20 эсебинде кытайлык оюнчулар жеңишке жетти. Орусиянын Красноярск аймагы менен Казакстандын командаларынын беттеши 15:2 эсебинде казак улакчылардын пайдасына аяктады.

Түштөн кийин Ооганстан менен Түркия жана Кыргызстан менен Башкыртстан командалары беттешет.

Көк бөрүгө жалпысынан А жана Б топторуна бөлүнгөн сегиз команда катышып жатат. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында А тобуна АКШ, Кытай, Казакстан жана Орусиянын Красноярск шаарынан келген топтор кирди. Б тобунда Кыргызстан, Түркия, Башкыртстан жана Ооганстандан келген көк бөрүчүлөр бар.

4-сентябрда болгон тайпалык тандоодогу биринчи оюндарда Красноярск оюнчулары АКШ командасын 17:7 эсебинде уткан. Казакстан курамасы кытайлык атаандаштарын 15:1 эсебинде жеңген. Башкыртстандан келген көк бөрүчүлөр ооганстандыктарды 1:0 эсебинде уткан. Түркиялык оюнчулар Кыргызстан менен беттешке өз убагында келбей, оюн талаасына чыкпай калгандыктан жеңиш Кыргызстанга ыйгарылган.

6-сентябрда Красноярск менен Кытай, АКШ менен Казакстан, Кыргызстан менен Ооганстан, Түркия менен Башкыртстан беттешет.

3-сентябрда башталган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG